Абактагы саясатчы Садыр Жапаровдун улуу Дастан мотоциклде бара жатып кырсыкка учураган. Маалым болгондой ал 7-апрель көчөсү аркылуу катуу ылдамдыкта келе жатып жолдо токтоп турган унааны барып сүзгөн.

Натыйжада оор жаракат менен Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна түшкөн. Анын 12 кабыргасы сынып, өпкөсүнө кирип кеткен экен. Сан сөөгү, жамбаш сөөгү, кашка жилиги сынып, терисин тешип, өз нугунан чыгып кеткендиги айтылат. Жандандыруу бөлүмүндө бир нече күн болуп, бүгүн 26-августта үзүлуп кеткен.

Белгилүү болгондой 27 жаштагы Дастан Садыр уулун акыркы сапарга узатуу Ысык-Көл облусунун Кең-Суу айылында 28-август күнү, саат 11:00дө өтөт.

Жапаровдун жактоочусу Шерабидин Токтосунов  ЖАМКга Садыр Жапаровду уулуна топурак салууга бошотуу тууралуу өтүнүч менен кайрылат.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: