Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду эч ким тааныбасын деген таризде, ооруканада дааратканага башын төшөк менен ороп алып барып жатышат. Бул тууралуу @Baikezavr деген никти колдонгон колдонуучу Твиттер социалдык түйүнүнөн билдирди.
Бул боюнча Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов Vesti.kg сайтына комментарий берген.
“ Башын чүмкөдү деген төшөк тууралу мен түйүндөн билдим. Эгер ошондой деп жатышса, анда ошондой эле болушу керек. Учурда анын ден-соолугу жакшы эмес. Ден-соолук абалына байланыштуу Сапар Жумакадырович азыр өзүнчө олтура да, тура да албай жатат“,- деди.
Андан тышкары, Токтакунов бүгүн дарыгерлердин консилиуму өткөндүгүн жана Исаковдун толук текшерүүдөн өтө тургандыгын маалымдады.
Өз кезегинде туугандары да башын ороп катып жаткандыгы тууралу маалыматтар чындык болушу мүмкүн деп боолголошот.
” Мүмкүн, муну аны элдердин тааныбашы үчүн жасап жатышкандыр, ошондой эле, учурда анын начар ден-соолук абалына да карап жасап жатышкандыр” деп кабарлашты туугандары.
Эске салсак, Сапар Исаков Улуттук госпиталдын №2 неврология бөлүмүндө 16-августунан бери дарыланууда. Ага артериалдык системанын вертебро-базелярдык бассейниндеги жетишпестик синдрому (баш ооруга, баш айланганга алып келе турган моюн кан тамырларынын сыгылышы), омуртканын моюн бөлүгүндөгү остеохондроз диагнозу коюлган.