Текебаев менен Чотоновдун иши сотто 29-августта каралат

Бишкектин Биринчи май райондук соту “Ата Мекен” партиясынын абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр, мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра кароону 29-августка белгиледи. Бул тууралуу Текебаевдин жактоочусу Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Маалыматка караганда, жактоочулар аты аталган саясатчылардын бөгөт чарасын өзгөртүүнү өтүнүп, сотко кайрылышты. Сот эми саясатчылардын бөгөт чарасын кароо менен башталат.

“Биз арызда Текебаевди өлкөдөн тышка чыкпоо тил каты менен абактан бошотууну сурандык. Ал киши чыгып калса энеси менен учурашууга мүмкүнчүлүк алышы керек”-деп билдирген жактоочу.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь