Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун айтымында, камактагы экс-депутат Өмүрбек Текебаевдин мандаты кайра берилбейт. Бул тууралуу Азаттык жазды. Бекматов мыйзамда мандаты алынган депутатка кайра берүү боюнча жобо каралган эмес деп эсептейт.

” Депутаттык ыйгарым укуктары токтотулган депутаттарга карата кайра мандатын алуу жоболору каралган эмес. Анын үстүнө депутат мандатынан ажыратылгандан кийин кыска мөөнөттө гана доо арыз менен кайрыла алат. Андан өткөндөн кийин арыздар каралбайт. Мындай учурда кайра мандат берилбейт.” 

Бирок «Ата Мекен» фракциясынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов Текебаевге карата соттордун «күнөөлүү» деген айыптары жокко чыгарылганына байланыштуу Конституцияга ылайык мандаты берилиши керек деп эсептейт. Шыкмаматов учурда Текебаев айыпталуучу гана болуп калганын эске салды.

Бишкектин Биринчи май райондук соту «Ата Мекен» партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр, мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра кароону 29-августка белгиледи.

Жогорку сот 21-августта Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган. Иш Биринчи май райондук сотуна кайра кароого жөнөтүлгөн.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: