10 жылдан кийин кандай адисттер ишсиз калат?

105

Швейцариялык футуролог Герд Леонгард акыркы убактарда кайсы билимдер, кесиптер коомдун талабына шайкеш келбей калышы тууралуу маалымат берди. Адамзаттын келечегин изилдеген адис чет элдик белгилүү басылмаларда интервью берип келет.

«Биз технологияларды адамдын талкалоо, адамкерчиликти жоготуу үчүн колдонууга тийиш эмеспиз “, – деген оюу ММКаларда кѳп колдонулат.

Ал кайсы бир ММКага маалымат берип жатканда америкалыктар менен европалыктардын айырмачылыгына токтолуп:

“Америкалыктар биринчи болууга кѳнүп калышкан. Баардык маселени алар техникалык мүчүлүштүк катары кабылдашат. Алардын максаты жаратылыш чектеген нерселерди жеңүү. Мисалы: узак жашоо, ар дайым ден-соолукта, бай болуу, уйкуга убакыт кетирбѳѳ. Себеби биз адамдар баарын жасай алабыз.”, -деп келишет. Ал эми европалыктар болсо  башкача ойлонот. Бакыт бул программа эмес ага сенин генетикаңа ылайык тандалган тамак менен жетпейсиң дешет. Менин оюм боюнча, АКШ эң негизги нерсе технология десе, Европа –адамкерчилик ,Кытай болсо мамлекетти биринчи оорунга коет. Россия эмнени биринчи орунга коерун айта албайм”, – деген илимпоз.

Ошондой эле, акырындык менен дүйнѳнү бир канча убактан кийин керексиз адистикттер кѳбѳйѳт. Азыр балдарына кѳбүнчѳ так илимдерди окутат. Бирок компьютерлер аны бизге караганда жакшы аныкташат. Индияда инженерлерди кѳп чыгарууда. Бирок биз аз убакыттан кийин алардын баары жумушсуз болуп калышат. Балдарыбызды кайсы билим адам кылса ошол адисттикке окутуу керек. Мен балама ЖОЖ окугандан кѳрѳ саякаттаганда кѳп нерсеге үйрѳнѳсүң деп айтып келем. Биз санарипттик технология ѳсүп жаткан доордо жашап жатабыз. Баардык иштерди интернет аркылуу жүргүзүп калабыз. Адамдардык катышуусуз иштерди бүтүрүү учуру келет. Ошондо кѳп адисттер ишсиз калаарын баса белгиледи ал.

Булак:barometr.kg

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь