Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жана анын жакындарына таандык камакка алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүнүн ичинен 20сы кайра камактан чыгарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Алардын ичинде «Жал» кичи районундагы №77 турак үйдөгү 18 батир жана «Телерадио уюмдарынын ассоциациясы» уюму бар.

Башкы прокуратура учурда Атамбаевге жана анын жакындарына таандык мүлктү текшерүүнү улантып жатат. Ошондой эле УКМК менен ИИМдин ыкчам бөлүмдөрүнө Атамбаев жана анын жакын туугандарына тийиштүү башка дагы мыйзамсыз мүлктү аныктоо тапшырмасы берилди.

Белгилей кетсек, буга чейин башкы көзөмөл органы Атамбаевдин 120 мүлкү камакка алынганын маалымдаган.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: