Алматы-Бишкек унаа жолунда кыргызстандык каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлады.

25-августта трассанын 132-чакырымынан Тойота Ист” менен “Тойота Камри” унаалары кагышкан. Натыйжада 25 жана 18 жаштагы эки кыргызстандык жаракат алып, Жамбыл райондук ооруканасына жеткирилген.

Казакстандын Алматы облустук полиция департаментинин маалыматына караганда, 26-август күнү кечинде 25 жаштагы жигит оор жаратынан улам ооруканада каза болду.

Кыргызстандын Алматыдагы консулдугу жана полиция департаменти маркумдун жакындарына жардам көрсөтүүдө. Учурда кыргызстандыктын сөөгүн мекенине жөнөтүү иштери жүрүп жатат.

Кырсык боюнча Казакстандын укук коргоо органы тергөө-иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: