Өзбекстандын Анжиян шаарынын акими Дильмурод Рахматуллаев иштен алынды. Расмий негиздеме «өз милдетин аткара албады» деп жазылган менен, Рахматуллаев эротикалык компроматтардан улам креслодон кол жууганы айтылууда. Бул тууралуу “Жебе Медиа” «Фергана news» басылмасына таянып жазды.

Тараган сүрөттөрдө Рахматуллаевге окшош киши ойношу делген аял менен жылаңач жүрөт.

Маалыматта айтылгандай, Анжияндын мэри ушул сүрөттөрдүн айынан кызматтан кетти. Бирок сүрөттөр максаттуу монтаждалган: аялдын көзү, көкүрөгү жабылган, а эркектики ачык коюлган.

Дильмурод Рахматуллаев Анжиян шаарын 2016-жылдан бери башкарып келген. Ал буга чейин корстугу менен таанылган. Эки жыл мурун билим берүү кызматкерлерин пахта теримге керектүү санда адамдарды жибере албай калганы үчүн «чөөлөр» деп урушкан.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: