Мындан туура үч жыл мурда дал ушул күнү 27-августта Москвада басмакананын кампасында чыккан өрттө кыргызстандык он төрт кыз-келиндин өмүрү кыйылган.  Алардын эң улуусу 45 жашта болсо, көпчүлүгү 17-22 жаштагы кыздар эле.

Арадан үч жыл өтсө дагы, алыста жүргөн мекендештер бул күндү терең кайгыруу менен эскеришүүдө.

2008-жылдан бери Россияда эмгектенип жүргөн, жарандык активист Мырзабек Добутов: Алыс жерде жүргөндө кокустук болуп, ошол күндөрү чоң трагедия болду. Сөзсүз түрдө биз аларды эскерип, дуа кылуу менен куран окуп турушубуз керек. Кыз-келиндер турмуштун айынан чет жерге барып иштөөгө аргасыз болушту да. Мен айтат элем келиндер жолдошуна жардам берип жатканы жакшы, бирок бөтөн жерге күйөөсү менен бирге чыкса деп”.

10 жылдан бери Москвада иштеген жарандык активист Надырбек Сооронбаев, ошол каргашалуу күндө Москвада болгонун айтат.

Ал учурда мен Мосвкада болчумун. Бул күндү унутуу эч мүмкүн эмес. Жапжаш кыздарыбыздын өрт менен кеткен өлүмүн эстесек жүрөгүң ыйлайт. Биз эртеси күнү Москвадагы кыргыздар чогулуп колубуздан келген аракеттерди кылдык. Диаспора жана элчиликтер менен биргеликте миңге жакын кыргыздар чогулуп куран окуткан элек. Азыр өрт чыккан басмакана жактан өткөн сайын эстеп, кейип кетем

Москвадагы кыргыздардын Эл аралык ишкерлер ассоциациясынын негиздөөчүсү Кубанычбек Осмонбеков.

Москвадагы кыргыз диаспорасы менен коомдук уюмдар биригип жыл сайын куран окутуп турабыз. 2016-жылдан бери 27-август күнү мал союлуп, каза болгондордун жакындары жана туугандарынан кабар алабыз. Мындай иш-чара Москвада бүгүн дагы болуп жатат. Бул күн унутта калтырылбайт

Эске салсак, 29-августта Кыргызстанда жана чет мамлекеттердеги мекендештер Москвада өрттөн курман болгон 14 кыз-келинге аза күтүлгөн.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: