Мурдагы министр Жамшитбек Калилов бөлүм башчы болду

Мурдагы транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын темир жолду долбоорлоо жана куруу дирекциясынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган  ишканадан билдиришти.

Буйрук 21-августта чыгып, учурда ал ишке киришкен.

Жамшитбек Калилов 2018-жылдын 14-декабрында өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында «ири өлчөмдө пара алган» деген шек менен кармалган орун басарына байланыштуу президент Сооронбай Жээнбековдун сынынан кийин арыз жазып иштен кеткен.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь