Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов мекеме-ишканалардын жетекчилерин өз каалоолору менен жардамга муктаж балдарга колдоо көрсөтүүгө чакырды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлады.
Калаа башчысы жаңы окуу жылына карата аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү жана ата-энесиз балдарга кийим, окуу куралдарын алып берүү керектигин билдирди.
“Жардамга муктаж балдар көп. Албетте мамлекет жардам берип турат. Ошентсе да жаңы окуу жылына карата жардам колун суналы”, -деди мэр.
Таалайбек Сарыбашов өз каражатынын эсебинен 1-класска бара турган Азамат менен 8-класстын окуучусу Аксанага толук кийим-кече алып берди. Азамат 7 жашта. Апасы 2015-жылдан бери ооруунун себебинен төшөктө кыймылсыз жатат. Мэрия балалыгы апасын кароо менен өтүп жаткан Азаматтан кабар алып турууну убадалады.