Транспорт жана жолдор министрлиги Чүй облусундагы айланма жолго акы төлөөнү сунуштады. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, акы алынуучу жолдор тууралуу мыйзамга тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү жөнүндө мамлекеттик органдар менен сүйлөшүү жүргөн. Макулдашуу өкмөттүн аппаратынын кароосуна жиберилгени белгилүү болду.

Пилоттук негиздеги долбоор катары Транспорт жана жолдор министрлиги Бишкектин 73 чакырым узундуктагы айланма жолун акы төлөөгө өткөрүүнү сунуштаган.

«2020-жылдын башында пилоттук долбоордун техникалык-экономикалык негиздерин даярдоо башталат. Мыйзам долбооруна ылайык, акы төлөнө турган жолдор болуп жалпы колдонуудагы, альтернативалык жүрүүгө мүмкүнчүлүгү болгон жолдор эсептелинет», -деди министр.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: