Кыргызстандын Россиядагы элчилиги “Шереметьево” аэропортунда кыргызстандык таксисттер менен жеке күзөт мекемесинин күзөтчүлөрү ортосунда болгон мушташтын чоо-жайынын иликтенишин көзөмөлгө алды.

Элчиликтен билдиришкендей, 25-26-августта элчиликтин кызматкери аэропортогу Россия ИИМинин башкармалыгына барып, полиция жетекчилиги жана таксистер менен жолугушкан. Ал “Вымпел Центр” жеке күзөт мекемесинин кызматкерлери менен болгон окуя боюнча маалымат алган.

Элчилик аталган окуяны объективдүү териштирүү иштерин жүргүзүү боюнча полицияга расмий кайрылуу жасаган. Учурда окуя териштирилүүдө.

Эске салсак 26-августта Москванын “Шереметьево” аэропортунда күзөтчүлөр менен кыргызстандык такси айдоочулардын катышуусунда маасалык мушташтын видеосу чыккан.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: