Кыргызстанда быйылкы жылдын 1-сентябрында тогуз мектептин курулушу бүтүп, ишке берилет. Мындан сырткары жыл аягына чейин дагы 39 мектеп менен үч бала бакчанын ачылышы болоору күтүлүүдө.

Өкмөттүн жыйынында Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеванын берген маалыматына караганда, коррупция менен күрөштөн түшкөн бирдиктүү депозиттик эсептен жаңы мектептерди куруш үчүн 799,3 миллион сом бөлүнөт.

Жогоруда айтылган каражатка Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда 15 мектеп жана кошумча корпустар курулат. Министрлик имараттардын жалпы наркын 941,9 миллион сомго баалап жатат.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: