8-августта Бишкекте орун алган башаламандыкта жаш кыздын шаардагы банктардын биринин айнегин талкалаган видеосу чыккан. Шаардык милиция дал ушул бейбаш кызга издөө салды.

9-август күнү “Оптима Банктын” өкүлү Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Арызда имараттын терезесин сындырган кызга чара көрүүнү өтүнгөн.

Бул факт «Бейбаштык» беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Бейбаштык боюнча шектүү деп изделип жаткан кыздын өзгөчө белгилери: бою 160-170см, салмагы 60-65кг, чачы кара, мурду кырдач, көзү кара.

Эгерде бул кызды таанып билгендер болсо төмөнкү номерлер аркылуу билдирүүнү өтунүшөт:  0312 56 32 48, 0507 21 03 94 и 102.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: