Садыр Жапаров: “Кечир уулум! Сени үйлөндүрө албай калдым”

237

Бүгүн 28-августта Садыр Жапаров уулун узатып жатып “Кечир уулум, сени үйлөндүрө албай калдым”, -деп өксүп ыйлады.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаровдун атасы 2017-жылы сентябрь айында дүйнөдөн кайтып, атасына топурак салууга уруксат берилген эмес. Ал кезде президент Алмазбек Атамбаев болгон.

Бүгүн саясатчы жаназада турган учурда “Атама топурак салбай калганыма азыркыга чейин өкүнөм“,- деп кейиди.

Ушул эле жылдын март айында Жапаров апасынан да айырылып, акыркы сапарга узатууга мүмкүнчүлүк берилген.

Президентке атайын чалып сүйлөшүп макулдашышыптыр. Мени ушинтип бошотуп, апама жана уулума топурак салууга мүмкүнчүлүк берип жаткандыгына Сооронбай Шариповичке ыраазымын“-деди Садыр Жапаров.

Дастан Садыр уулун жерге берүүдө мал союлган жок.

 

 

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь