Садыр Жапаров уулунун жаназасында президентке рахматын айтты

110

Учурда Ысык-Көлдүн Кең-Суу айылында Садыр Жапаровдун уулу Дастанды акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө.

Жаназага турган учурда Садыр Жапаров президент Сооронбай Жээнбековго ыраазычылыгын билдирип, уулуна топурак салууга мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн рахматын айтты.

Мен эки-үч жыл аралыгында атаман, апаман жана уулуман ажырап калдым”,-деп көзүнө жаш алды деп билдирет жеринен кабарчыбыз.

Маркумдун тажиясына саясатчынын жакын туугандары, “Мекенчил” партиясынын өкүлдөрү, саясатчы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов ж.б. катышууда.

Белгилей кетсек, абактагы Садыр Жапаровго уулу Дастанга топурак салуу үчүн Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан уруксат берилген болчу.

27 жаштагы Дастан Садыр уулу жол кырсыгынан улам 26-августта каза болгон.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь