Ысык-Көлдө жүк ташуучу MAN менен Volkswagen Golf 2 үлгүсүндөгү унаа бетме-бет кагышып, эки адам мерт кетти. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматтарга ылайык, аталган кырсык 28-августка караган түнү саат 00.35те Чырпыкты менен Тору-Айгыр айылдарынын ортосунда болгон. Анын кесепетинен жеңил автонун айдоочусу менен жүргүнчүсү каза болгон. Ал эми жүк ташуучу унаанын айдоочусу жабыркаган эмес.
Жол кырсыктын видеосун күбөлөр интернетке жүктөлгөн.