Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Кытайдын Кыргызстандагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту.

Өмүрбекова кытай тарапка 2019-жылдын 11-12-июнунда Бишкекте «Манас» операсын ийгиликтүү уюштуруусу үчүн ыраазычылык билдирип, Кытай элчисине кыргыз тарап Кытай опера жана балет театрынын артисттерин жана өкүлдөрүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоону чечкиндиги тууралуу маалымдады.

Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь өз кезегинде Кыргызстан Кытай үчүн дос, маанилүү жана ишенимдүү өнөктөш болуп саналарын жана достук мамилелерди көп тараптуу өнүктүрүүгө өзгөчө маани берилерин айтты.

Тараптар саламаттык сактоо, билим берүү, инновациялык жана санариптик технологиялар, ошондой эле эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ортосунда өз ара аракеттешүү маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары кытай тарап вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованы 2019-жылдын октябрында Наньин шаарында өтө турган «Кытай – Борбор Азия» VII Кызматташтык форумуна катышууга чакырды.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: