Бейшенбек Бекешов: Арстан Алайдын үстүнө жугунду куюп жиберсе кана!

141

Журналист, Бейшенбек Бекешов: “Батышта Арстан Алайга окшогон адамдарды жумуртка менен урат”, деп “АЗИЯnews гезитине маек курган.

–Эки аксакалдын айтышына кандай пикирде калдыңыз?

–Акыл-эсинен айнып бара жаткан адамды Турсунбай Бакир уулу ордуна койгонго аракет кылды. Арстан Алай бетпак, кеп жебеген, укпаган тажаал аялдардай болгон адам экен.

Мусулмандарга акаарат келтирип, алардын ишенимин кордоп, келесоо сөздөрдү айтып, таптакыр шайтандап кетиптир. Өзү теңирчиликтин жакшы нерселерин айтып, оозунан жылуу сөздөр чыкса бир жөн, аны да айталган жок. «Мен мусулман» дегендерге акаарат айтып, алардын ишенимин кордоп, акмактыгын көргөзүп жатат. Ошого каршы Турсунбай Бакир уулу аракеттерин жасады. Башкалар болсо тамаша көргөндөй, өздөрүн өйдөсүнүп карап турушат.

–Өкүнүчтүү көрүнүш…

–Өкүнүчтүү эмес. Ошол Арстан Алайдын үстүнө жугунду куюп жиберсе кана! Батышта Арстан Алайга окшогон адамдарды жумуртка менен урат экен. Бул бир эле Турсунбай Бакир уулунун иши эмес, бүтүндөй «мусулманмын» деген адамдардын иши, деген Бейшенбек Бекешов “АЗИЯnews” гезитине берген маегинде.

Булак: NazarNews.kg

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь