Өмүрбек Текебаев сот залынан чыккандан кийин саясий туткундардын, карапайым элдин иши кайра каралышы керек экенин айтты.

“Мына соттун имараты жаңыланыптыр, соттун имараты эле эмес, судьялардын жан-дүйнөсү да жаңыланышы керек. Аларда жаңы салт, жаңы норма, принциптер пайда болушу зарыл. Ошондо гана сот реформасы жүрөт. Ага жарандардын салымы чоң. Ар бир район, айылда туура эмес ишке каршы чыкса соттор туура чечим чыгарганга мажбур болот.

Сиздер билгендей биз эле эмес, саясий мотивде отурган башка туткундардын, анын ичинде Садыр Жапаровдун, жалган жалаа менен камалган жөнөкөй карапайым балдардын иши да кайра каралышы керек, – деди Өмрүрбек Текебаев.

Андан соң тарапташтары Текебаев менен Чотоновду Ата-Мекендин шатыбына  алып кетишти.

Анда абактан бошотулган саясатчыларды чогулгандар гүл менен майрамдык маанайда тосуп алышты. Ал жактан мурдагы президент Роза Отунбаева, Темир Сариев, Медеткан Шеримкуловдор куттукташып, ак батасын беришти.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: