Бүгүн саат 14:00дө “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун баш коргоо чарасы каралат. Бул тууралуу алардын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова  билдирген.

Маалыматка караганда, камактагы саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин бүгүн Биринчи май райондук соту карайт.

Жактоочулар соттон саясатчылардын баш коргоо чарасын өзгөртүп, тилкат менен абактан бошотууну өтүнүшкөн.

Кошумчалай кетсек, Жогорку сот 21-августта Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган. Иш райондук сотко кайра кароого жөнөтүлгөн.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: