Финляндиянын миграция кызматы  быйылкы жылы өзбекстандык 139 жаранды өлкөдөн депортациялаган. Бул тууралуу чет элдик булактар жазды.

Чыккан маалыматтарга ылайык, Өзбекстандын дагы 219 жараны жакынкы арада өлкөдөн чыгарылат. Булардан сырткары 258 өзбекстандыкка бул мамлекетте иштөөгө уруксат берилген эмес. Алты айда болгону өзбекстандык 42 жаран Финляндияда жумушка орношууга укук алган.

Бул чечим Финляндияда жумуш издеген өзбекстандык жарандар жасалма диплом тапшырганы аныкталгандан кийин кабыл алынган. Өзбекстан жарандарынын көбү Финляндияда курулуш тармагында иштегендиктен, алар курулуш техникумдарын аяктаганы тууралуу дипломдорун көрсөтүшкөн.

Курулуш техникумун аяктаганы тууралуу жасалма дипломдор алгач 2015-жылы аныкталган. 2016-жылы алардын саны бир нечеге жеткен. Кийинчерээк жүздөгөн жасалма диплом аныкталган.

Айрым билдирүүлөргө караганда, жасалма дипломдордун сапаты өтө төмөн болгон, “диплом берген курулуш техникуму” Өзбекстанда 26 жыл мурун эле ишин токтоткон.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: