Ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановго жардам берген деген шек менен уулу Мухаммед-Алиге издөө жарыяланды. Бул тууралуу Башкы прокуратурага таянып Sputnik.Кыргызстан жазды.

Белгилей кетсек, Курсан Асанов 8-август күнү Алмазбек Атамбаевдин үйүнөн далил буюмдарды алып чыгып, жан сакчысы Дамирбек Пайзылда уулу аркылуу баласы Мухаммедге берген деген айып менен 27-августта үй камагына алынган.

27-август күнү жогоруда аталган кылмышка катыштыгы бар деген шек менен 22 жаштагы уулу Мухаммед-Алини сыртынан камакка алуу чечими чыгып, издөө жарыяланды“, — деп айтылат маалыматта.

Ушу тапта тергөө иштери уланып, кылмышка тиешеси бар делгендерди аныктоо чаралары жүрүп жатат.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: