Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаев 2-ноябрга чейин үй камагында калтырылды.
Мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту чыгарды. Белгилүү болгондой, Арабаев саат 22:00дөн 06:00гө чейин үйдөн чыкпашы керек.
Эске салсак, УКМК Арабаевди “Коррупция” беренеси боюнча күнөөлүү деп кармаган.