Мас абалында унаада бара жатып кармалган Оштун вице-мэри Жасур Азимовго карата кызматтык иликтөө жүргүзүлөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров билдирди.

Маалыматка ылайык, вице-мэрге байланыштуу окуя 25-август күнү кечинде болгон.

Вице-мэр мас абалда экендигин мойнуна алып, жол коопсуздугун караган милиция кызматкерлерине эч кандай каршылык көрсөткөн эмес. Мыйзамга баш ийип, наркологияга барган. Автоунаасын милиция кызматкерлерине өткөрүп берип кеткен. Ал автоунааны өзү башкарып жүрбөгүнүн, бирок өзүнө таандык унаа экендигин айтты“,-деп жазылат билдирүүдө.

Ал эми вице-мэр Азимовду видеого тартып, интернетке тараткан милиция кызматкеринин иш аракетине ИИМдин ички иликтөө кызматы баа берет.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: