Саламаттык сактоо министрлиги эки «Тойота Лэндкрузерди» Ош, Баткенге берет

154

Саламаттык сактоо министрлиги эки «Тойота Лэндкрузер» унаасын Ош жана Баткен облустарына берет. Бул тууралуу министрликтеги автобазанын директору Мирлан Жоошев билдирди.

Учурда унаалар Оштогу кеңседе баланстан алына элек. Жолтандабастар кызматтык унаа катарында эмес санитардык болуп Айдаркен жана Ош облусуна өткөрүлмөкчү.

Буга чейин өкмөттүн буйругу менен саламаттык сактоо министрлигине 2005-жылкы жана 2009-жылы чыгарылган эки «Тойота Лэндкрузер» берилген болчу.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь