Султан Ибраимов жана Төрөбай Кулатовго эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды

152

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги, ошондой эле Мекенге берилип кызмат өтөгөндүгү үчүн советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер Султан Ибраимовго «Ак-Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды (каза болгондон кийин).

Мындан тышкары мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында жекече сиңирген көөнөрбөс эмгеги, мекенчилдиги жана Ата-Журтка чексиз берилгендиги үчүн советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер Төрөбай Кулатовго «Ак-Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды (каза болгондон кийин).

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь