Түз эфир: Текебаев менен Чотоновдун соту башталды

88

Бүгүн 29-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун баш коргоо чарасын карайт.

Жеринен кабарчыбыз билдиргендей учурда соттук отурум башталды. Ага журналисттер киргизилген жок. Саясатчылардын бөгөт чарасын кароого адвокаттар, Жогорку Кеңештин депутаттары жана жакын туугандары гана киргизилген. Депутат Алмамбет Шыкмамтов сот залынан сүрөт жүктөдү. 

Биринчи май райондук соттун имаратынын алдында абактагылардын тарапташтары чогулуп, колдоруна “Текебаевге жана Чотоновго боштондук!” деген лозунгдарды көтөрүп турушат. Алар саясатчыларды үй камагына чыгарсын деген үмүтүн билдиришүүдө.

Кошумчалай кетсек, Жогорку сот 21-августта Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган. Иш райондук сотко кайра кароого жөнөтүлгөн.

Текебаев менен Чотоновдун баш коргоо чарасы каралууда

Текебаев менен Чотоновдун баш коргоо чарасы каралууда

Опубликовано Элдик медиа Дадим слово каждому Четверг, 29 августа 2019 г.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь