Баткен облусунун Кадамжай районунун Кереге-Таш айылынын тургуну  Мурзапаша Маматов “Даңк” медалы менен сыйланды. Бул тууралуу президенттик аппараттын  маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Мурзапаша Маматов Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык аймагынын калкынын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган Ак-Корум-Кереге-Таш ирригациялык каналын куруу боюнча социалдык маанилүү долбоорду демилге кылгандыгы жана ишке ашыргандыгы үчүн долбоордун автору катары «Даңк» медалы менен сыйланган.

Ошондой эле, ушул эле Жарлык менен «Кыргызстандын жаңы айыл кыймылы» коомдук бирикмеси Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

 

 

 

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: