Бүгүн 29-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун баш коргоо чарасын карап, үй камагына чыгаруу чечимин чыгарды.

Соттук отурумга журналисттер киргизилген жок. Саясатчылардын бөгөт чарасын кароого адвокаттар, Жогорку Кеңештин депутаттары жана жакын туугандары гана киргизилген.

Кошумчалай кетсек, Жогорку сот 21-августта Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган. Иш райондук сотко кайра кароого жөнөтүлгөн.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: