Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев мандатын кайтарып алуу планы жок экенин айтты.

Ошондой эле ал, азыр юридикалык, саясий жактан реабилитация болуу максатын билдирди.

“Акталгандан кийин мандат маселесин кеңешип көрөм. Ал мен үчүн маанилүү эмес. Түрмөдө болсом да партия өз ишин улантып турду. Мен камакта отурган 2 жыл 7 айда жүздөгөн адамдар чуркап, миңдеген адамдар ар кандай формада колдоо көрсөтүп жүрдү. Аларды таштап, четке чыга берүү – чыккынчылык. Биз саясий ишибизди партиялык негизде улантабыз”,-деди Текебаев.

Кошумчалай кетсек, бүгүн Биринчи май райондук соту «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра карап, үй камагына чыгарган.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: