Бүгүн Эгемендүүлүк күнүнө карата Чүйдүн Степное айылындагы аялдардын №2 түзөтүү колониясында “Сармерден” оюну болуп өттү. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

“Топко бөлүнгөн катышуучулар табышмак, жаңылмач, кыргыздын улуттук ыр-бийин аткарышты. Майрамдык салтанатты алып баруучу Анара Шаимкулова, продюсер жана актриса Ырыс Жоомартова алып барышса, ырчы Кенже Кубатова өзүнүн аткаруусундагы ырларын тартуулады. Оюндун аягында бардык катышуучуларга грамота жана белектер тапшырылды”, – деп айтылат маалыматта.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: