Алмазбек Атамбаев Салянова жана Атаханов менен беттештирилди

116

Алмазбек Атамбев шектүү катары өтүп жаткан кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушуна байланыштуу иш сотко жиберилүүгө даяр болду. Бул тууралуу адвокат Сергей Слесарев билдирди.

Анын айтымында бүгүн, 30-августта ал кесиптештери менен Батукаевдин иши боюнча экспертизанын жыйынтыгы менен таанышкан. Тергөө бул ишти сотко жөнөтүүнү ниеттенүүдө дейт.

“Биз адвокат катары бардык корутундулар менен таанышууга жетишкен жокпуз. Тергөөчүлөр бул ишти бүгүн сотко өткөрө алышпайт”,- деди Слесарев.

Адвокат кошумчалагандай, Алмазбек Атамбаев Аида Салянова жана Шамиль Атахановдор менен бетме-бет жолугушкан. Бирок Атамбаев көрсөтмө берүүдөн баш тарткан, ошондуктан жогоруда айтылган адамдар менен көрүшүү мыйзамсыз болду дейт.

Ал эми Атаханов жана Салянова Атамбаев менен эмне жөнүндө сүйлөшкөндүгүн Слесарев азырынча ачыктай албастыгын тушундүрдү.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь