Дарья Маслова жеңил атлетика боюнча чемпионатта алтын тагынды

86

Кыргызстандык жөө күлүк Дарья Маслова Беларуста өткөн жеңил атлетика боюнча ачык чемпионатта жеңүүчү аталды. Мелдеш 29-августта Минскте өттү.

Аялдар арасында 10 миң метрге чуркоо боюнча 9 спортчу катышты. Дарья Маслова аралыкты 32 минута 21 секундда чуркап өтүп, белорусиялык атаандашы Нина Савинден озуп кетти.

Эске салсак, Дарья Маслова буга чейин дагы Белорусияда өткөн мелдеште алтын Кубоктун ээси болгон.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь