Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жоруктар боюнча иштерди сотко чейинки өндүрүш маселелери боюнча кеңешме өткөрдү.

Ошону менен бирге алгачкы текшерүүчү органдардын ыйгарым укуктуу кызмат адамдары жөнүндө маселе каралды. Жеңиш Разаков белгилегендей, буга чейин ИИМге  участкалык ыйгарым укуктуу милиция кызматкерлерине сотко чейинки өндүрүш жүргүзүү боюнча милдеттерди баскыч баскычы менен берүү сунушталган.

«ИИМ жана Башкы прокуратура алгачкы текшерүүчү органдардын ыйгарым укуктуу кызматкерлеринин ишин камсыз кылуу боюнча механизмдерди иштеп чыгуулары керек. Ошондой эле ыйгарым укуктуу кызмат адамдарына Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине мүмкүндүк алуу маселесин баскыч баскычы менен чечүү зарыл», – деди ал.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча вице-премьер-министр участкалык ыйгарым укуктуу милиция кызматкерлерине сотко чейинки өндүрүш жүргүзүү боюнча милдеттерди баскыч баскычы менен берүү механизмдерин иштеп чыгуу боюнча тийиштүү тапшырмаларды берди.

Мындан тышкары участкалык ыйгарым укуктуу милиция кызматтарын техникалык жабдууга комплекстүү баа берүү жана мүмкүндүк алуу түйүндөрдү Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине киргизүү мүмкүндүгүн кароо тапшырылды.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: