Жумгал районунда жүк ташуучу унаа оодарылып, айдоочу мерт кетти. Бул маалыматты Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 28-август күнү болжол менен саат 17:30 чамасында 1988-жылы туулган Б.И. өзүнө тиешелүү «КамАЗ» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасы менен Жумгал районунун Дүңгүрөмө аймагындагы Как көмүр кесиминен көмүрдүн күлүн жүктөп келе жатканда башкаруусун жоготкон. Анын кесепетинен унаа жолдон чыгып, чыгыш тараптагы тоону сүзүп, сол капталы менен оодарылып кеткен. Айдоочу катуу алган жаракаттан улам ошол жерден набыт болгон.

Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, жансыз денеге кароо жүргүзүлгөндөн кийин маркумдун сөөгү туугандарына берилди.

Учурда бул факт боюнча тиешелүү иликтөө иштери жүрүп жатат.

Ал эми окурмандар тартып алган видео Турмуш сайтына жарыяланган.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: