Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун издөөгө алынган уулу Мухаммед-Али Асанов Москвадагы жогорку окуу жайлардын бирине магистратура даражасын окуу үчүн тапшырган. Сентябрда ал программа боюнча окуусун баштоо керек”- деп жазды govori.tv сайты.
Ал эми июль айында Мухаммед-Али Асанов негизги тест менен англис тилин ийгиликтүү тапшырганы жана кабыл алынганы Москванын мамлекеттик инстиутунун сайтына жарыяланган.
Мындан тышкары, Мухаммед-Али Асанов 2014-жылы Бишкек шаарындагы белгилүү “Илим” орто мектебин аяктап, өзүнүн окуусун Кошмо Штаттарда уланткан. Ал эми өткөн жылы 21 жаштагы жигит джиу-джитсу боюнча эл аралык турнирде алтын медалга ээ болгон.
Эске салсак, кечээ Башкы прокуратура Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго жардам берген деген шек менен уулу Мухаммед-Алиге издөө жарыялаган.