Кыргыз эл баатыры Турдакун Усубалиевдин ысмын алып келген Нарын шаарынын борбордук аянты жаңыланат. Бул тууралуу Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов билдирди.

Мамлекет тарабынан 19 миллион сом бөлүнүп оңдоп түзөө иштери башталды. Эгемендүүлүктү белгилеп алган соң ишке киришебиз. Бул иш Кыргыз эл баатыры Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата аткарылып жаткандыктан борбордун так ортосуна Турдакун Усубалиевдин 4 метрлик эстелиги орнотулат. Мындан тышкары аянтта фонтандар орнотулуп, тегереги толугу менен жашылдандырылат. Негизинен эки айдын ичинде бүтүрүүну пландап жатабыз”- деди облус башчы Кайыпов.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: