Нарын облусуна караштуу Ат-Башы райондук аскердик комиссариатынын бөлүм башчысына «Алдамчылык» беренеси боюнча 220 миң сом айып салынды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине сот Нурлан Малдыбаев билдирген.

Айтымында, «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча сот Ж.у.Н. ны актады, анткени ал кызмат адамы болуп чыккан жок.

«Алдамчылык» беренесинин бир эпизоду эки тараптын жарашуусу менен токтотулду. Аталган берененин дагы башка эпизоду боюнча аскер кызматкерине 220 миң сомго айып салынды.

Эске салсак, Ат-Башы аскердик комиссариатынын бөлүм башчысы аталган бөлүмгө ишке орноштурам деп 70 миң сом пара талап кылган.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: