Сооронбай Жээнбеков: Бишкектин түштүк тарабы сергек жашоонун аймагы болот. Бизнес-борбор, мейманканалар курулат

74
Бишкектин жогорку зонасы сергек жашоонун аймагы болот. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков 30-августта “Достук” паркынын ачылышында айтты.
Эгемендүүлүк күнүнө карата Масалиев, Токтоналиев жана Айтматов көчөлөрүнүн кесилишиндеги сейил багы колдонууга берилди.
Президент баса белгилегендей, учурда шаардын түштүк аймагында мыйзамсыз сатылып кеткен жерлерди кайтаруу иштери жүрүүдө.

Жаңы салынган “Газпром” мектебинин артына 30 гектар жерге жаңы футбол аянтчасы жана хоккей стадиону курулат. Ал жакка бизнес-борборлор жана мейманканалар салынып, бул спорттун жана сергек жашоонун аймагы болот“,- деди Сооронбай Жээнбеков.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь