Аймактар аралык мамилени арттыруу жана достукту бекемдөө максатында Талас облусунан Ош шаарына делегация келди. Делегациянын курамында 40 киши бар.

Шаардын борбордук аянтынан меймандарды вице-мэр Нурбек Кадыров, маданият кызматкерлери жана шаардыктар тосуп алышты. Делегация үчүн маданият кызматкерлери чакан концерттик программа тартуулап, шаарда жашаган ар улуттун өкүлдөрү күбө болушту.

Таластыктар ушул жуманын акырына чейин байыркы Ош шаарына саякат жасашып, шаардын социалдык-экономикалык абалы жана тарыхый жайлар менен таанышып чыгышат.

Мындан тышкары 31-августта Эгемендүүлүктүн 28 жылдык майрамын Ош шаарында белгилешет.

Белгилей кетсек, Оштун делегациясы Талас облусуна кетти.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: