Тогуз-Торо районунда маданий мурастарды даңазалаган инвестициялык форум болду.  Бул тууралуу Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Айбек Кожошов билдирди.

“Тогуз-Торонун жаратылыш парктары руханий, маданий мурастарга ээ” аталыштагы форумга өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары, мэрлердин социалдык маселелер боюнча орун басарлары жана жергиликтүү тургундар катышты.

Аталган форумдун алкагында көргөзмө уюштурулуп, анда саймалуу таштар, кийизден жасалган буюмдар басымдуу болду.

Форумдун негизги максаты- туризм жаатында кеңири тажрыйба алмашуу, райондун туристтик мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү, инвестиция тартуу.

Ал эми аймакка келген конокторго руханий жана маданий мурас болгон “Кан-Ачуу”, “Саймалуу-Таш” мамлекеттик жаратылыш парктары тууралуу маалыматтар берилди. Мындан сыркары форумдун алкагында көргөзмө дагы уюштурулганын акимдин орун басары Гүлжамал Султангазиева кошумчалады.

Тогуз-Торонун аймагындагы “Кан-Ачуу” жаратылыш комплекси 2015-жылы уюшулган. Бул парктын уюштурулушу менен Кызыл китепке кирген ак илбирстин, күрөң аюунун, сүлөөсүндүн, бүркүттүн, көк жору, таз кара, кумайдын жана башка жаныбарлардын корголуп калышына мүмкүнчүлүк түзүлдү. Парктын аймагында өсүмдүктөрдүн 343 түрү бар. Кызыл китепке кирген өсүмдүктөрдүн ондон ашык түрү өсөт.

Ал эми “Саймалуу-Таш” мамлекеттик жаратылыш паркы өкмөттүн 2001-жылдын 25-майындагы №249 токтомунун негизинде Тогуз-Торо районунун түштүк-батыш тарабында уюшулган.

Парктын жалпы аянты 32007 гектарды түзөт. Анын аймагында деңиз деңгээлинен 3000-3200 метр бийиктикте ташка чегилген сүрөттөр бар. Анын болжолдуу саны — 107000. Петроглифтер турган аянт 7 гектарды түзөт. “Саймалуу-Таш” мамлекеттик жаратылыш паркы ушул ташка чегилген таштардагы сүрөттөрдөн улам “Саймалуу-Таш” мамлекеттик жаратылыш паркы деп аталып калган.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: