УКМК коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражат топтолгон Бирдиктүү эсепке 31 миллион сом которду. Бул тууралуу аталган комитеттен басма-сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, аталган орган бирдиктүү эсеп ачылгандан бери 272 миллион 815 миң которгон.

Президент демилгеси менен былтыр коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражат топтолчу атайын эсеп ачылган. Финансы министрлигинин 26-августка карата маалыматы боюнча бул эсепке жалпысынан 1 миллиард 563 миң 429 миң сом топтолгон. Анын ичинен быйыл жыл башынан бери 789 миллион 225 миң сом келип түшкөн.

Бирдиктүү эсепке топтолгон каражаттын 785 миллион 829 миң сомун Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы, 519 миң 262 миң сомун Башкы прокуратура жана 7 миллион сомун Ички иштер министрлиги которгон.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: