Чүй облусуна караштуу Суусамыр өрөөнүндө зордуктоо фактысы катталды. Бул тууралуу  Чүй милициянынын маалымат кызматы билдирди.

Берилген маалыматка таянсак, 29-августта Бишкек шаарынын  К.А. жараны Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Жазган арызда аталган күнү саат 05:00 чамасында Суусамыр өрөөнүндө Чыңгыз аттуу бала күч колдонуп, аны зордуктап салганын билдирген.

Аталган факты боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп, милиция кызматкерлер Форд Фиеста үлгүсүндөгу унааны токтотушкан. Унаанын айдоочусун жана жүргүнчүнүн документтерин текшерүүгө алышкан. Андан кийин шектүү делинип унаанын айдоочусу, Ысык-Көл облусунда төрөлгөн 32 жаштагы Б.У. жана жүргүнчү катары келе жаткан Б.Ч. аттуу жарандар Жайыл РИИБине алып келинген.

Учурда бул факты боюнча иликтөө иштери башталды.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: