Бабанов Текебаевге үй-бүлөсү менен алек болууну кеңеш берди

110

“Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов саясатчы Өмүрбек Текебевдин үй камагына чыгарылганы боюнча журналисттерге комментарий берди. Анын айтымында Текебаевдин эч кандай күнөөсү жок жана бул иш саясий буйрутма болгон.

“Мунун артында саясат турган. Саясий заказ болгон. Бүгүн биздин өлкөдө ушундай сот чечимдери чыгып жатканына кубанычтамын”.

Бабанов Текебаев акталарына үмүт кылып жатканын белгиледи. Анын айтымында, соттун саясий чечимдери мамлекет үчүн жакшы эмес экенин кошумчалады.

Ал ошондой эле өзүнүн адашына үй-бүлөсу менен бирге эс алууну кеңеш берди.

“Видеодо анын кичинекей кызы бар экенин көрсөтүштү. Жашоо бул саясаттан гана турбайт. Жашоодо көптөгөн ырахат бар, анын ичинде үй-бүлө, балдар, мекениң”,- деп белгиледи Бабанов.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь