Жалал-Абадда 2006-жылы туулган балага 18-20жаштардагы жигит көкүрөгүнүн сол тарабына бычак менен сайып жиберген. Бул тууралуу “Элдик Медиага” Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев билдирди.
Окуя 30-август күнү саат 17:40 чамасында Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан Каныкей соода борборунун жанында болгон.
Бычак жеген жабырлануучу областтык ооруканага жаткырылган.
Бул факт КЖБРге “Ээнбаштык” беренеси менен катталды. Учурда шектүү кармалып, териштирүү иштери жүрүүдө.