Эмне деген адамдар? Кой дегенди укпай жатып “мырктардын”айынан конструкциялардын бири көтөрө албай сынып кетти“. Бул тууралуу интернет колдонуучулар Бишкекте жаңы ачылган паркка келип, өздөрүн маданиятсыз көрсөткөн адамдарга карата терс пикирлерин жазышууда.

Интернетте эки кыздын жаныбардын формасында кыркылып жасалган бактын башына минип, сүрөткө түшүп жаткандагы видеосу тарады. Анда сейил бакта жүргөн апанын “ай келин бул кылыгың туура эмес, түш” деп тилдеп жатканына карабай сүрөткө түшүшкөн. Белгилүү болгондой ал жакта “конструкциянын үстүнө чыгууга болбойт!” деген эскертүү жазылган.

Учурда өздөрүн адепсиз алды делген жарандар интернет колдонуучулар тарабынан катуу жемеге калды.

Эске салсак, кечээ 30-августта борбор калаанын  Ч.Айтматов кең көчөсү менен Масалиев көчөсүнүн кесилишинде “Ынтымак” паркы ачылган. Аны президент Сооронбай Жээнбеков өзү барып салтанаттуу азем менен ачкан.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: