Казакстандын Тунгуч Президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстан элин жана Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады.

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик майрамы – Көз карандысыздык күнүнө байланыштуу чын дилден куттуктоолорумду кабыл алыңыздар. Азыркы кезде Кыргызстан саясий, социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө туруктуулукту камсыз кылуучу өнүккөн мамлекетти куруу жолунда ишенимдүү кадам таштоодо. Кыргызстан тездик менен өнүгүп, боордош Кыргызстан эли Сиздин жетекчилигиниздин алдында гүлдөп өнүгө беришин ар дайым каалаймын. Биздин мамлекеттердин ортосундагы көп кылымдык салттуу достугубуз жана кызматташтыгыбыз мындан ары да ар тараптан бекемделе берет деп ишенем», – деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Казакстандын Тунгуч Президенти Нурсултан Назарбаев Президент Сооронбай Жээнбековго чың ден-соолук жана албан ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: