Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Эгемен жылдарындагы өнүгүүдө Кыргызстан мамлекеттик курулуш, экономиканы модернизациялоо, калктын бакубатчылыгын жана өлкөнүн эл аралык аброюн жогорулатуу ишинде маанилүү жыйынтыктарга жетишип, ири өзгөрүүлөрдүн жолун басып өттү.

Казакстан Нур-Султан менен Бишкектин өз ара көп кылымдык достугун, жакшы кошуналык мамилелерин жана өз ара аракеттенишүүнүн ишенимдүү мүнөзүн жогору баалайт.

Биздин ачык жана үзгүлтүксүз саясий диалогубуз мындан ары дагы стратегиялык өнөктөштүк жана өз ара жардам көрсөтүү духунда казак-кыргыз мамилелерин ар тараптуу бекемдөөгө өбөлгө түзөт деп ишенем», — деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Президент Касым-Жомарт Токаев Президент Сооронбай Жээнбековго боордош Кыргызстан элинин жыргалчылыгы үчүн өзүнүн жооптуу миссиясында ийгиликтерди каалады.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: